Бишкек, улица Жоомарта Боконбаева, 204
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы PR-менеджер кызмат ордуна вакансия жарыялайт!
Жоопкерчиликтүү жана маалымат айдыңында заманбап инструменттерди эркин колдоно билген адис издейбиз.
Негизги талаптар:
• Тил билүү деңгээли: Кыргыз жана орус тилдеринде расмий-иштиктүү стилде сабаттуу тексттерди, пресс-релиздерди жана макалаларды жаза билүү;
• Мобилдик видеография: Иш-чараларды, жолугушууларды сапаттуу видеого тартуу жана видео монтаждоо (Reels, отчеттук видеолор ж.б.) көндүмдөрүнө ээ болуу;
• Графикалык дизайн: Маалыматтык посттор жана баннерлер үчүн графикалык дизайндык программалар (Canva, Photoshop ж.б.) менен иштей билүү;
• Стратегиялык пландоо: Адвокатуранын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен контент-план түзүү жана аны ырааттуу ишке ашыруу.
Сизди эмнелер күтөт?
• Юридикалык коомчулуктун ичинде кесиптик тажрыйбаны арттыруу;
• Адвокатуранын имиджин түзүүгө жана өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошуу.
______________
Кызыккан талапкерлер өз резюмелерин жана жасаган иштеринен (портфолио) мисалдарды почтага жөнөтө алышат
----------------------------------