Барбол кондитердик фабрикабызга өз ишин мыкты билген, үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө даяр *Сөз ачыктоочу адис* (Инструктор)кызматкерин издейбиз .
*Милдети* :Кесиптик терминдерди жана окуу материалдарындагы түшүнүксүз сөздөрдү кызматкерлерге так, жеткиликтүү жана мисалдар аркылуу түшүндүрө алган адистерди кызматташууга чакырабыз.
*Талаптар:*
• Токтоо, сабырдуу жана жоопкерчиликтүү;
• Адептүү, сылык жана чынчыл;
• Баамчыл (кызматкер материалды түшүнгөн-түшүнбөгөнүн аныктай билген, кызматка керектүү окуу программасын түзө алган);
• Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана сабаттуу жаза алган;
• Сабаттуу, сөз байлыгы кенен;
• Бир орунда отуруп, материал менен тыкан иштей алган;
• Команда менен тил табышып иштей алган.
*Шарттары:*
• Ынтымактуу, бири-бирин колдогон, жардамга дайым даяр жамаатта иштейсиз;
o Кызыктуу, активдүү эс-алууларга, спорттук иш-чараларга катышууга болот;
• Эмгегиңизге жараша жана убагында төлөнүүчү айлык-акы аласыз;
• Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык иштөө;
• Жаңы кесипке ээ болууга мүмкүнчулүгүңүз болот (коюлган талаптарга жооп берсеңиз, бул кесипке өзүбүз окутуп үйрөтөбүз);
• Компаниянын ички окуу борборунда инструктордун көзөмөлүндө билим деңгээлиңизди жогорулатып тура аласыз;
• Өзүңүздү көрсөтө алсаңыз, жетекчилик кызматтарга өсө аласыз;
• Компаниянын эсебинен акысыз түшкү тамактануу берилет;
• Акысыз уюлдук байланыш менен камсыздайбыз;
• Намаздарды калтырбай окууга намазкана бар.